Жаңылыктар
“Жеткиликтүү турак-жай” алуучулар тизмесине 185 кыргызстандык кирди
Экономика
“Жеткиликтүү турак-жай” алуучулар тизмесине 185 кыргызстандык кирди

“Жеткиликтүү турак-жай” алуучулар тизмесине 185 кыргызстандык кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева билдирди. Маалыматка ылайык, тизмеге киргендердин басымдуу бөлүгүн  социалдык кызматкерлер түзөт. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан түшкөн тизмелер аймактык ведомстволордун текшерүүлөрүнөн өткөн.

 Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык кампания насыяларды берип баштоого даяр экенин билдирип келген. Адистер болгону  мекемелер аралык жумушчу топтун жыйынын гана күтүп жатышкан болчу. Ал арада “Жеткиликтүү турак-жай” алуучулар тизмесине 185 кыргызстандык киргенин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева билдирди. Жетекчинин айтымында,быйыл жалпысынан компания эки миңден ашуун жаранга насыя берүүнү пландап жатат:

Мамлекеттик ипотекалык  компания тарабынан ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу багытында 310 млн сом каражат бөлүнгөн. Ал эми калган каражат баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланмакчы. Ипотекалык насыялар жарандарга өнөктөш-банктар аркылуу берилет. Азырынча компаниянын эки өнөктөш-банкы бар.  Кызматташуу келишими «РСК » жана «Айыл Банк» менен жүрүүдө. Келечекте алардын катарын кеңейтүү планы дагы бар-экенин Бактыгүл Жээнбаева кошумчалады.

Бүткүл республика боюнча түзүлгөн тизмелер өнөктөш банктарга арыздарды баалоо жана жактыруу үчүн жөнөтүлүп, анан жактырылган арыздарга банк ипотекалык кредит берет. Насыя сом менен 15 жылга 12 пайыздык үстөк менен берилет. Кардар канчалык алгачкы төлөмүн көбүрөөк төлөсө үстөк пайызы ошончо төмөн болорун Айыл банк башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев айтат.

Өкмөт калкты турак жай менен камсыз кылуу максатында “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасын ишке киргизген. Аталган программанын негизинде Кыргызстандагы үйү жок тургундар жеңилдетилген ипотекалык кредит алып, турак жай менен камсыз болушмакчы. Программанын алкагында жарандар насыяны сом менен ала башташты. Улуттук валюта сом менен насыя берүү Кыргызстанда алгачкы жолу жүргүзүлүүдө.

М.Абдраманова,  Биринчи радио