Жаңылыктар
“Макмал” алтын кенинин аймагында жайгашкан фабриканын курулуш иштери токтоду
Кыргызстан жаңылыктары
“Макмал” алтын кенинин аймагында жайгашкан фабриканын курулуш иштери токтоду

Жалал-Абад облусундагы “Макмал” алтын кенинин аймагында жайгашкан алтын ылгоочу фабриканын курулуш иштери токтоп турат. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында кытайлык компания ишкананы экологиялык жана өндүрүш коопсуздугу боюнча экспертизадан өткөрбөй иш баштаганы белгилүү болгон.

Курулуш иштери толугу менен 7-февралда токтотулган. Жакынкы айларда тиешелүү мамлекеттик органдар экологиялык жана өндүрүш экспертизаларын өткөрүп, оң же терс корутундуларын бериши керек. Андан кийин гана компаниянын андан аркы ишмердиги уланары же токтотулары так чечилет.