Жаңылыктар
Жолдо жүрүү эрежесин бузган жөө адамдарга дагы айып пул салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Жолдо жүрүү эрежесин бузган жөө адамдарга дагы айып пул салынат

Кыргызстанда буга чейин кыймылдабай турган мыйзам жанданды. Жол коопсуздугун камсыздаган кызмат жолдо жүрүү эрежесин бузган жөө адамдарга дагы 500 сом өлчөмүндө айып пул сала баштады.

Ар бир күнү, атүгүл саат сайын жолдо жүрүү эрежесин бузган адам четтен чыгат. Алар каршы-терши каттаган унааларга гана тоскоолдук жаратпастан, өз өмүрүнө коркунуч туудурат. Негизи келип чыккан жол кырсыктардын бир бөлүгү жөө жүргүнчүнүн катышуусунда болоору турган иш. Мындан ары тартипке баш бербеген жөө адамдарга мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Кыргызстанда жол эрежелерине байланыштуу маданият көңүл жылытаарлык эмес. Катуу тартиптин жоктугунан улам көптөгөн адамдын өмүрү кыйылып, жаракат алышат.