Жаңылыктар
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен кыз каза болду
Кырсык
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен кыз каза болду

Тез жардамдын кызматкерлери Бишкектин Туңгуч кичи районунда көп кабаттуу үйдүн терезесинен подъездин бастырмасына кулап кеткен кызды ошол жерде эсине келтирүүгө аракет кылышты. Бул тууралуу күбө билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер кызга массаж жасап, ийне сайышты.

«Аны куткарып калуу үчүн бардык аракеттерди көрүштү», - деди ал.

Бүгүн, 8-мартта Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган кыз алган жаракаттарынан улам каза болгондугун билдирди.