Жаңылыктар
Москвалыктар китепти эң көп окугандардын катарына кирди
Билим
Москвалыктар китепти эң көп окугандардын катарына кирди

Москва китепти эң көп окуган шаар наамын алды. Мындай тыянак Россияда өткөн "эң көп китеп окуган аймак" деп аталган жарыштын жыйынтыгы менен чыгарылды. 

Москвадагы Маданият департаментинин президенти Александр Кибовскийдин айтымында, борбордо 440 китепкана бар. 

Андагы китептердин саны 19 миллион 700 миңден ашат. 2017-жылы жалпысынан окурмандар 23 миллион 800 миң жолу китеп алып окушкан. Ошондой эле 21 миңден ашуун маданий иш-чаралар өткөн.