Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, тогузунан 13-мартка чейин туруксуз аба ырайы сакталат.
Буга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная Горка - Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман - Актал-Чат жолундагы Кара-Көө ашуусунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
Ошондой эле Ийри – Суу участкасынын 42-44-чакырымдары, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол - Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда дагы ушундай кырдаал сакталат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарыл.