Жаңылыктар
Жол чарба департаментинин жетекчиси эки айга камакка алынды
Кылмыш
Жол чарба департаментинин жетекчиси эки айга камакка алынды

Жол чарба департаментинин жетекчиси Арстанбек Ибраев эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. 

УКМК кабарлагандай, Арстанбек Ибраевге Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу", "Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу" беренелери боюнча айып тагылган. 

Сот чечимине ылайык, департаменттин мурдагы жетекчиси тергөө аяктаганча УКМКнын абагында кармалат. Ал Ак-Талаа районунун Ак-Талчат айылында Нарын дайрасындагы көпүрөнү оңдоо үчүн “Кербен жол курулуш” ишканасы менен 45,8 млн сомго мыйзамсыз келишим түзгөн. Жыйынтыгында эч кандай кепилдиги жок эле ишканага 35 млн сомду которгон. Мамлекеттен акча коротулганы менен ал көпүрө пайдаланууга бериле элек. Бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат.