Жаңылыктар
Коррупциялык схеманы түзгөн адамдар кармалышты
Коррупция
Коррупциялык схеманы түзгөн адамдар кармалышты

Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгаруу жана уурдоо фактысы боюнча коррупциялык схеманы түзгөн адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды. 

Маалыматка ылайык, 6-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Салык жана Бажы органдарынын имараттарында, "Полларис" жана "Интеррустрейд" компанияларынын Бишкектеги филиалдарында, "Дордой" соода-базар комплексинин айрым кампаларында жана кылмыш ишинин фигуранттары жашаган жерлерине тинтүүлөрдү жүргүзгөн. Тергөө амалдарынын натыйжасында жасалма документтер, чет өлкөлүк жалган фирмалардын мөөрлөрү, электрондук маалыматтар табылды. 

Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык пайдалануу беренелеринде каралган кылмыштарды жасады деген шек менен 6-7-мартта бул фирмалардын өкүлдөрү, салык органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери кармалды. 

2018-жылдын 8-мартында камалган жарандарга айып тагылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Айта кетсек, бажы, салык кызматтарынын жана Экономика министрлигинин кызматкерлери катышкан схеманын жыйынтыгында акыркы 2 жылда мамлекет 217 миллион сом зыянга учураган.