Жаңылыктар
Жаңы оңдолгон жолдордун бузулуусуна эмне себеп болууда?
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы оңдолгон жолдордун бузулуусуна эмне себеп болууда?

Бишкектин жаңы оңдолгон айрым жолдору кайра бузулууда. Тиешелүү мекеме аны техникалык себептерге байланыштырды. 

Борбор калаадагы жол оңдоо иштерине мэриянын эки мекемеси жооптуу. “Бишкек асфальт сервис” ишканасы бюджеттен бөлүнгөн каражатты пайдаланса, Капиталдык курулуш башкармалыгы Кытайдан берилген гранттын эсебинен иш жүргүзөт. 

Былтыр Кытай грантынын эсебинен 49 жол тилкеси оңдолгон. Бирок алардын да айрымдарынан жаракаларды көрүүгө болот. Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы эмне себептен мындай көйгөйгө жол берилгенине кийинчерээк жооп болоорун билдирди.