Жаңылыктар
Таласта салтка айлануучу «Ынтымак жыйыны» спорттук мелдеши башталды
Спорт
Таласта салтка айлануучу «Ынтымак жыйыны» спорттук мелдеши башталды

10-мартта Кара-Буура районунда Талас облусундагы райондор аралык «Ынтымак жыйыны» спорттук мелдеши өтүп жатат. 20-40 жаштардагы күрөшчүлөр арасындагы ынтымак мелдешин Кара-Буура жана Манас райондору биргеликте уюштурду.

Уюштуруучу команданын өкүлү Шермадин уулу Исламдын айтымында, ушундай эле мелдеш кийинки жолу Талас шаарында өтөт.

«Жаш муунга үлгү көрсөтүү, жаштарды билимге, спортко, эмгектенүүгө үндөө максатындагы иш-чара өтүп жатат. Бул саамалык облустун башка аймактарында дагы улантылат», - деди И.Шермадин уулу.

Мелдештин аягында жеңүүчүлөргө ашкана буюмдары белекке берилет. Ошондой эле, биринчиликти ээлеген команда кубок жана 5 миң сом акчалай байге менен сыйланат.