Нарын районундагы Ийри-Суу айылында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга акчалай жардам берилди. Бул тууралуу аймактык жергиликтүү тургун Ж.Ибраев билдирди.
Анын айтымында, шал оорусу менен жабыркаган 5 балага жана мектепте окуган 2 балага 10 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле, окуучу балдарга окуу куралдар, керектүү кийим-кечектер жана таттуулар берилди. Алардын апаларына да баалуу белектер тапшырылды.
Жыйынтыгында М.Байдөөлөтов атындагы орто мектептин окуучулары чакан программадагы концерт тартуулашты.