Жаңылыктар
Нарында кыргыз күрөшү боюнча өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды
Спорт
Нарында кыргыз күрөшү боюнча өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Нарын шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде белгилүү кыргыз балбаны Алмаз Жапаковдун жаркын элесине арналган кыргыз күрөшү боюнча облустук турнир өттү. 

Маалым болгондой, турнирдин максаты — кыргыз күрөшүн өркүндөтүү жана балбандар арасында достук мамилени чыңдоо. Ага Ат-Башы, Жумгал, Ак-Талаа, Нарын райондорунан жана Нарын шаарынан 113 балбан катышып, 10 салмактык чен бирдикте ат салышты. Мелдешти өткөрүүгө демөөрчү болгон маркумдун иниси Абдылдабек Жапаков жана Кыргыз күрөш федерациясынын вице-президенти Мирбек Атабеков турнирдин жеңүүчүлөрүн куттуктап, тиешелүү даражадагы дипломдорду жана баалуу белектерди тапшырды.