Жаңылыктар
Бишкекте 1 тоннадан ашык бешбармак жасалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 1 тоннадан ашык бешбармак жасалды

Борбор калаадагы соода борборунун биринде бир тонна төрт жүз килограммдан ашыгыраак бешбармак, узундугу 110 метр чучук бышырылды. Кыргыздын сый тамагын даярдоого 8 жылкынын эти жана 40 чакты ашпозчу тартылган. Демилгечилер бул саамалыкты Гиннестин рекорддор китебине каттоо ниетинде өткөрүштү. 


Бешбармак адатта жаңы союлган же сүрсүгөн эттен жасалат. Бир тонна бешбармакты даярдоого 8 жылкынын эти колдонулган. Аны 40тай ашпозчу бышырды. Беш бармактын салмагын таразалап туруу үчүн, казан анын үстүнө орнотулган.

Чучук жылкынын казысына туз, калемпир, мурч, пияз же сарымсак аралаштырып даярдалат. Кошулмалардын даамы казыга сиңгенден соң жылкынын ичегисине салынып, учтары жип менен буулат. Иш-чарага арналып узуну 110 метр чучук даярдалган. 

Иш-чара кыргыздын улуттук тамак-ашын даңктоо, дүйнөгө таанытуу жана гиннес китебине "дүйнөдөгү эң чоң көлөмдөгү бешбармак" деп киргизүүгө багытталган. Бышырылган бешбармак келген конокторго таратылды. Соңунда эстрада ырчыларынын коштосунда концерттик программа болду.