Жаңылыктар
Караколдук дзюдочулар республикалык турнирден байгелүү кайтышты
Спорт
Караколдук дзюдочулар республикалык турнирден байгелүү кайтышты

Каракол шаарындагы спорт мектептин окуучулары өспүрүмдөр арасында өткөн дзюдо боюнча республикалык турнирге катышып, байгелүү кайтышты. Бул тууралуу машыктыруучу Елена Исакова билдирди.

Анын айтымында, «Жакып баатыр» спорт клубунун байгесине арналган турнир Бишкек шаарында 3-март күнү өтүп, ага 2005-2006-жылы төрөлгөн өспүрүмдөр катышты.

Турнирдин жыйынтыгында караколдук Абдувахит Ниязов 26 кг салмактагылар арасында 1-орунду жеңип алды. Ошондой эле, спорт мектептин дагы бир окуучусу коло медалдын ээси болду.