Жаңылыктар
Тоңдогу 4 айылдын тургундарын дарылоо үчүн Кореядан 22 дарыгер келет
Ден соолук
Тоңдогу 4 айылдын тургундарын дарылоо үчүн Кореядан 22 дарыгер келет

Тоң районунун Б.Мамбетов айыл өкмөтүндөгү тургундардын тишин дарылоо үчүн Кореядан тиш дарыгерлери келишет. 

Маалым болгондой, алар өздөрүнүн жабдыктарын, шаймандарын ала келишет. Кореядан жалпы 22 дарыгер келип, Б.Мамбетов айыл өкмөтүндөгү 4 айылдын тургундарынын тишин дарылашат.

Бир айдан кийин келе турган кореялык тиш дарыгерлери Эшперов айылындагы спорт комплекс имаратында жергиликтүү тургундарды кабыл алышат.