Жаңылыктар
Бишкек — Ош жолунда унаа каттамына чектөө киргизилди
Өзгөчө кырдаал
Бишкек — Ош жолунда унаа каттамына чектөө киргизилди

11-марттан 13-мартка чейин Бишкек — Ош жолунда унаа каттамына чектөө киргизилди. Аны Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кар көчкү түшүү коркунучунан улам премьер-министр 11-13-март күндөрү саат 12.00дөн 00.00гө чейин чектөө киргизилди. 

Чүйдөгү «Сосновка», Жалал-Абад облусундагы «Арал» посттору жана Таластын «Өтмөк» ашуусунун жолу жабылмакчы. Эскерте кетсек, буга чейин ӨКМ кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү тараткан.