Жаңылыктар
Менталдык арифметика: эл аралык сынакта кыргызстандык окуучулар байгелүү кайтышты
Билим
Менталдык арифметика: эл аралык сынакта кыргызстандык окуучулар байгелүү кайтышты

Кыргызстандын аймагынан тандалып алынган мыкты математиктер 6 мамлекеттин өзү теңдүү жеткинчектери менен күч сынашты. Баланын астында тапшырмага берилген А3 калыбындагы мисалдар, калем сап гана бар. Аны чыгара тургандар жети мамлекеттин 300гө жакын акылман балдары. 

Кыргызстандан 26 мектеп окуучусу келди. Алар республиканын бардык аймагынан тандалып алынган мыктылар. Сынактын талабы - математикалык мисалдарды, кошуу, кемитүү, көбөйтүү, бөлүү боюнча тапшырмаларды 30 мүнөттө чыгарып жетишүү керек. Бул аралыкта 1-деңгээлден 10-деңгээлге чейинки эсептерди манжаларынын жардамында балдар туура жана ыкчам чыгарышы керек. 210 мисалды жарым саатка жеткирбей 14 мүнөттө алгачкылардан болуп кыргызстандык эсептеди. 

Жыйынтыгында кыргызстандын атынан барган балдар 4-деңгээлге чейинки эсепте алдыга чыгышып, алган орундарын тастыктаган диплом, кубоктор менен сыйланышты. Сынактан жемиштүү кайткан акылдуу балдарды Бишкекте аларды менталдык арифметикага үйрөткөн “Өнүгүү Академиясы” тосуп алды. Өлкөнүн билим сапатын чет жерде татыктуу коргогон окуучуларын жеңиши менен куттукташып, мектеп өз сыйлыктарын ыйгарды. 

Эл аралык олимпиаданы Казакстандын Нобел мектеби уюштурду. Кыргызстандын Өнүгүү Академия мектеби бул сынакка экинчи ирет катышты. Өткөн жылы 3 окуучусун жиберсе, бул жолу 26 бала катышты. Эл аралык олимпиадага катышуунун пайдасы - балдар билим деңгээлин чет элдик курбалдаштарынын билим сапатына салыштырып биле алышат. 

Ошол эле маалда чет жердеги жашоо-турмуш, өнүгүү тууралуу билип, ой-жүгүртүүлөрүн кеңейте алышат. Алдыда биздин балдар менталдык арифметика боюнча Сингапурда, андан кийин Түштүк Африкада өтө турган эл аралык сынактарга катышышат. Июнь айында болсо Кыргызстан дүйнөдөгү мыкты балдарды Ысык-Көлгө чогултат.