Жаңылыктар
Жазгы талаа иштери учурда Ош облусунда кызуу жүрүүдө
Айыл чарба
Жазгы талаа иштери учурда Ош облусунда кызуу жүрүүдө

Бул аймакта күйүүчү май менен жер семирткичтерге болгон баа жогорулап, айрым учурда табылбай да калууда. Аба ырайынын шарты жылуу Араван району республикада жазгы талаа иштерин алгачкылардан болуп баштайт. Быйыл аймакка жаз жылдагыдан 10 күн эрте келди. Бир эле жерден эки, айрым учурда үч ирет түшүм алганга үлгүргөн Аравандыктар, жер карара баштагандан тартып, айдоо аянтынан чыкпайт. Бул 11 миң түп капустанын көчөтү Аравандык Өсөровдордун эки айлык мээнетинин үзүрү. Кыш чилдеде уругу даярдалган көчөт, сыртка отургузууга даяр.

Капустанын көчөтү жыйналып алынган соң, дал ушул эле жерге экинчи ирет- помидордун уругу себилген. Көчөт жетилген менен, анын жери белен эмес. Айдоо жерди кол күчү менен даярдагыча, көчөт да керектен чыгат. Техника салганга чөнтөк жука. Бар тапканын кышы менен күнөсканадагы көчөткө коротуп алган. Жаздын бир күнү эмес, ар бир сааты багбандар үчүн да маанилүү. Даракка суу жүгүргөнгө чейин, бутап калуу зарыл. 

Бак бутоонун да ар ким эле биле бербей турган өзүнө тийешелүү сырлары бар. Бул үчүн атайын адиске кайрылууга туура келет. Даракты бутоо менен эле, түшүм жакшырат дегенге болбойт. Жаз менен кошо жанданган ар кандай зыяндуу курт-кумурскаларга каршы дарыларды чачуу башкы орунда турат. Муну сатып алууга ар кимдин эле чама-чаркы жете бербейт. 

Минералдык жер семирткичтер жеке менчик фирмалар аркылуу ташылгандыктан, аны туруктуу бир баада кармап туруу кыйын. Бирок, монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бирдиктүү баа коюп бере алат. Кандай болгон чакта да, бул каражаттарга таңкыстык болбой турганын жергиликтүү бийлик ишендирет. Ал эми, өз ишмердигин кеңейтем деген дыйкандарга насыя берүүдө алты банк , Кыргыз-орус өнүктүрүү жана Кепилдик фонддору кызматташууга даяр экендиктерин билдирет. Ош облусунун аймагында 172 миңден ашуун айдоо жер аянты бар.