Жаңылыктар
Борбор калаада ички жолдорду ремонттоо иштери жанданды
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада ички жолдорду ремонттоо иштери жанданды

Ал арада шаардыктар Бишкекте жаңы салынган жолдордун кайрадан жыртылып, айдоочуларга ыңгайсыздык жаралып жатканын айтышып, нааразы болушууда. Бишкек шаарындагы жолдордун жалпы узундугу 1400 чакырымды түзөт. Анын жарымы гана сапаттуу болсо, калган 750 чакырымы ремонтко муктаж. Былтыркы жылы мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы 49 көчөнү толугу менен жаңыртууну планга киргизип, анын 13үн бүткөрүүгө жетишкен. Мэрия тарабынан былтыркы жылы башталып бирок, аягына чыкпай, биринчи катмарына гана асфальт төшөлгөн жолдор, 50 чакырымдан ашык.

Эми аларды аягына чыгаруу иши быйылкы жылы октябрь айына барып аяктайт. Учурда ордо калаада жаңы салынган жолдор эгер жаратылыш кырсыктары болбосо жана жолдорго аяр мамиле жасаса, 10 жылга чейин туруштук бере алат. Буга чейин шаардыктарды убайымга салган Чолпон-Ата көчөсүнүн бир тарапка кеткен багыты гана толук бүтө элек болсо, экинчи тилкеси атайын текшерүүдөн өтүп, 10 жылга чейин кызмат өтөөгө даяр.  2017-жылы жаңы конуштарга газ алып кирүү жумуштары жүрдү. Мындан сырткары, таза суу жана агынды суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу, жасала турган жолдор бир гана катмар асфальт төшөлүп, калганы жазга калтырылган. 

Анткени мындай жолду кайра ачуу, бир топ чыгымдарга алып келет. Айта кетсек, жол курулуш тармагындагылар быйылкы ремонттоо иштерин эрте жазда эле баштады. Тиешелүү тараптардын айтуусунда, шаардыктарга ыңгайсыздык жаралбаш үчүн, жолдун жыртык тешиктерин жамоо жумуштары түштөн кийин башталып, түн ичинде жасалмай болду. 15-20 күн аралыгында шаардын негизги делген көчөлөрүндөгү жыртылган жолдор толугу менен оңдолуп бүтүп калат.