Жаңылыктар
Жоокер ефрейторду атып алды
Кылмыш
Жоокер ефрейторду атып алды

Окуя 13-мартта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда №2030 чек ара аскер бөлүгүндө болгон. Былтыр жазында аскерге чакырылган катардагы жоокер капыстан ефрейторду атып алган. 

Алган жараатынан ефрейтор ооруканага жетпей үзүлгөн. Ушу тапта окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жеринде иштеп жатышат. Маалыматтарга караганда, келишимдик негизде иштеп жаткан аскер кызматкери куралды туура эмес колдонуунун курмандыгы болгону айтылууда.