Жаңылыктар
Мыйзамсыз балык уулагандар кармалды
Кылмыш
Мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

Мыйзамсыз балык уулаганын видеого тартып, интернетке салган браконьерлер кармалды. Бул тууралуу түштүк аймактар боюнча Жаратылыш ресурстарын колдонуу жана коргоо департаменти билдирет. 

Ош облусунун Араван районундагы Тепе-Коргон айылынын 3 тургуну жергиликтүү дарыядан 80 даана балыкты мыйзамсыз кармашып, мактануу үчүн тартылган видеосун интернетке чыгарышкан. Алардын өздүгү такталып, 9 миң сом айып пул салынган. Ал эми балыктардын баасы 40 миң сомдон ашык деп бааланган.