Жаңылыктар
Күндүн темасы: илимий мекемелер, фонддор тарыхты тактоого кудурети жетеби?
Кыргызстан жаңылыктары
Күндүн темасы: илимий мекемелер, фонддор тарыхты тактоого кудурети жетеби?

Жогорку Кеңеш Кыргыздардын байыркы тарыхын изилдеген мамлекеттик институт түзүү жөнүндө токтом кабыл алган. Максаты - кыргыз элинин байыркы тарыхын тактап алуу . Азыр иштеп жаткан илимий мекемелер, фонддор тарыхты тактоого кудурети жетеби? Илимпоздор менен окумуштууларды, тарыхчыларды колдоого алуу менен тарыхыбыздагы актай барактарды толтура алабызбы? 

"Биринчи Радиодо" институт  түзүү демилгесин алып чыккан КР ЖКнин депутаты Жамалдинов Зиядин Исламович жана КР УИАнын тарых жана маданий мурастар институнун директору, тарых илимдеринин доктору, УИАнын корреспондент мүчөсү  Асанканов Аблабек Асанканович менен маек болду. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"