Жаңылыктар
Быйыл баш калаадагы көчөлөр оңдолот
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл баш калаадагы көчөлөр оңдолот

Быйыл Бишкекте 92 көчө оңдолот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков билдирди. Анын айтымында, быйыл Бишкектин көчөлөрүндөгү капиталдык оңдоо иштери эки багыт боюнча жүргүзүлөт. 

Ал муниципалдык ишкананын жана кытай грантынын эсебинен. Ал билдиргендей, “Бишкекасфальтсервис” ишканасынын эсебинен 42 көчө оңдолсо, ал эми кытай грантынын эсебинен 50 көчө оңдоодон өтөт. 

Мындан сырткары, оңдоп түзөөдөн өткөрүлө турган көчөлөрдүн 70% жарыктандырылат турганы маалымдалды.