Жаңылыктар
Кувейт бийлиги чет элдиктерге өлкөдө жашоого жол бербеген илдеттердин тизмесин жарыялады
Дүйнө
Кувейт бийлиги чет элдиктерге өлкөдө жашоого жол бербеген илдеттердин тизмесин жарыялады

Кувейтке иштегени барган чет өлкөлүктөрдөн рак, диабет сыяктуу кооптуу оорулар чыгып калса, аларга туруктуу жашоого уруксат берилбейт. Бул тууралуу "Al Arabiya" басылмасы жазды. Жакында Кувейттин Саламаттык сактоо министрлиги чет элдиктерге өлкөдө жашоого жол бербеген 22 илдеттин тизмесин жарыялады. 

Бул оорулардын катарына онкология менен диабеттен тышкары көздүн начар көрүүсү, бөйрөк оорулары, туруксуз кан басымы, ич өткөк илдеттери кирет. Бирок туруктуу жашоого уруксаты бар адамдардан аталган оорулар табылса, алар өлкөдөн чыгарылбай турганы айтылган. Кувейт бийлигинин мындай чечим кабыл алуусунун себеби — саламаттык сактоо жаатына каржылоону азайтуу болуп саналат. Буга чейин аталган өлкө СПИД, сарыктын В, С түрлөрү, кургак учук, безгек жана жыныс оорулары менен ооругандарга кирүүгө тыюу салган.