Жаңылыктар
Кыргызстан экономикасынын керектөө тармагындагы өсүш 1,4 пайызды түздү
Экономика
Кыргызстан экономикасынын  керектөө тармагындагы өсүш 1,4 пайызды түздү

Өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө тармагындагы өсүш 1,4 пайызды түздү. Бул тууралуу Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Эльвира Исенкулова билдирди. 

Анын айтымында, январь-февраль айларында азык-түлүк жана алкоголдук ичимдиктердин баасы 1% га өскөн. Ошол эле учурда, жашылчалардын баасы 10,4%, алма 7,1%, картөшкө 4,9% жана сүттүн наркы 3,1 пайызга кымбаттаган. 

Таттуу токочтор 2,7%, кум шекер 2%, кондитердик азыктар 1,1% жана ундун баалары 0,5 пайызга арзандаган. Ошондой эле, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон нарк 5 пайызга чейин көтөрүлгөн.