Жаңылыктар
Кыргыз эли дагы бир таланттуу чыгармачыл инсанды акыркы сапарга узатты
Кыргызстан жаңылыктары
 Кыргыз эли дагы бир таланттуу чыгармачыл инсанды акыркы сапарга узатты

Кыргыз эли дагы бир таланттуу чыгармачыл инсанды акыркы сапарга узатты. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ашыр Чокубаев менен коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп, ага президенттин, өкмөттүн аппарат мүчөлөрү, искусство адамдары, коңшу Казакстандан кесиптештери жана талантка таазим кылган адамдар катышты.



Коштошууга келгендердин көбү искусство адамдары. Алар кыргыздын атын тааныткан актёрду жоктоп турушту. Ата-энесинин жолун жолдогон Ашыр Чокубаев бала кезинен бул чөйрөгө аралашып, баарынын жакын адамына айланган эле.

Маркумду узатууга келгендер кыргыз искусствосуна эмгеги сиңген, даңазалуу адамдын чыгармачыл изин эскерип, коштошуу сөздөрүн айтышты. Ашыр Чокубаев 1947-жылы Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келген. Актёр “Кожожаш”, "Курманжан датка", "Ак илбирстин тукуму" жана башка фильмдерде роль жараткан. Ошондой эле, коңшу казак элинин бир топ тасмаларында тартылган. Коштошууга казак кесиптештери да ат арытып келген.

Ашыр Чокубаев 11-мартта 71 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган. Кесиптештери чыгармачыл инсанды акыркы кол чабуу менен узатышты. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө жерге берилди.