Жаңылыктар
Кадамжай районунда эт багытындагы гиссар койлорду көбөйтүүгө басым жасалууда
Айыл чарба
Кадамжай районунда эт багытындагы гиссар койлорду көбөйтүүгө басым жасалууда

Кадамжай районунда эт багытындагы гиссар койлорун көбөйтүү каралууда. Үч-Коргон айыл аймагында эки фермердин короосунда бул пародадагы 400дөн ашык кой багылат. Учурда башка фермерлер да анын козуларынан алып, көбөйтүү жолунда. Мындай койлордун жөнөкөй койдон айырмасы, булар жалаң эт багытында болуп, баасы да эки үч эсеге кымбат. 


Закир Уманов 22 жылдан бери гиссар койлорун багып келет. Алгач 30 койуна тажикстандын Гиссар районунан кочкорлорду алып келип, көбөйтө баштаган. Убакыттын өтүшү менен койдун санын миңге чейин жеткирген. Бирок, андан көп чыгаша болуп, санына эмес, сапатына көңүл бура баштаган. Учурда короосунда 400 кой, 250 козусу бар. Аларды эки малчы күнү-түнү карап беришет. 


Кээде чыгаша, кээде аша түшкөн кирешени алып келген койлор буга чейин ичиндеги курттардан улам көпчүлүгү өлүп калып жүргөн. Учурда оорунун дарысы табылып, койдун өлүмү азайыптыр. Өз убагында мал доктурдун текшерүүсүнөн өтүп дарыланып турат экен. 


Койлорду айыл четиндеги жайыттарга эле айдап коюшат. Жайыттан келген сон, ар бирине 300 граммдан жем, 1,5 кгдан беде берилет. Жалпы 400 койго жыл сайын 12 тоннадай жем, 10 миңдей беде пресс керектелет. Фермер өзүнүн 1,5 гектар жерине атайын жүгөрү да эгип койгон. Анын түшүмү менен койлорун кеңири бага алат. Мындай багылган койлор базардан бир да жолу кайтып келген эмес. Алдыда гиссар койлорун көбөйтүү үчүн аны жасалма уруктандыруу керектигин көздөгөн фермер, мерчемин ишке ашырууда жергиликтүү бийликтин да жардамын күтөт.