Жаңылыктар
Астанада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жыйыны өтөт
Саясат
Астанада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жыйыны өтөт

15-мартта Астанада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жыйыны болот. Бул тууралуу Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жыйынга Казахстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышат. Саммитке чогулуу демилгесин Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери көтөргөн. 

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары биринчи жолу формалдуу саммиттин алкагында жолугушат. Күтүлүп жаткан саммит Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара кызматташуусун өнүктүрүүдө өзгөчө роль ойноп, жаңы программа, долбоорлорду ишке киргизүүгө дем болору айтылууда. Бүткүл Борбор Азия мамлекеттеринин башын бириктирген жыйындын алдында аталган 5  өлкө башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүсү пландалган. Кененирээк кийинки материалда сөз болот. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"