Жаңылыктар
"Чычканга" кар көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу толугу менен жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Чычканга" кар көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу толугу менен жабылды

"Чычкан" капчыгайында 2,5 миллион куб кар көчкү түшүп, учурда Бишкек — Ош жолу толугу менен жабылды. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты. 

Учурда "Сосновка", "Өтмөк", "Арал" посттору тосулду. Кырсык болгон жерге 20 куткаруучу жөнөп кетти. Мындан сырткары, карды тазалоочу техника тартылган. 

Жайыл районундагы "Сосновка", Токтогул районундагы "Арал" постторунда туруп калган жүргүнчүлөр үчүн жылуу жайлар жана ысык тамак уюштурулган. 

ӨКМ жагдай боюнча кошумча маалыматтар берилерин айтты. Ошондой эле, Транспорт жана жолдор министрлигинен жолду көчкүдөн тазалап, анын кесепеттерин жоюу үчүн Бишкек - Ош жолу үч күнгө жабылганын билдиришти.