Жаңылыктар
Чет элдиктерге онлайн түрдө жашыруун кызмат көрсөтүү Бишкекте күч алууда
Кыргызстан жаңылыктары
Чет элдиктерге онлайн түрдө жашыруун кызмат көрсөтүү Бишкекте күч алууда

Жагымдуу жасалгаланган үй, компьютерге орнотулган веб-камера. Жаңы үлгүдө чет элдиктерге онлайн түрдө жашыруун кызмат көрсөтүү Бишкекте күч алууда. Шаардык милициянын маалыматы боюнча жыл башынан бери 64 кыз-келин катоого алынып, арасында жашы жете элек өспүрүм кыздар да бар.


Социалдык тармак күч алып, мобилдик тиркемелер жаштар арасында өтө белгилүу болгон учур. Анда жөнөкөй сүрөттөрдөн тарта, ачык мүнөздөгү сүрөттөр киргизилип, учурда бул кадим эле көрүнүшкө айланып бара жаткандай.


Серепчилердин баамында сойкуканаларды жабууга канчалык чара көрүлбөсүн жыйынтык чыкпады. Тескерисинче, анын башка түрү күчөөдө. Эми веб-камера аркылуу интернет менен кардарга өнөрүн көрсөткөн кыздардын саны арбыды. Алардын тапкан акчасы да жаман эмес.

Учурда коомчулукта ватсап, телеграм тиркемелери аркылуу топтор түзүлүп, алып-сатуу, жарыя таратуунун жаңы куралы пайда болду. Телеграм тиркемесиндеги топко, белгисиз жарандар онлайн түрүндө жашыруун кызмат көрсөткөн кыздардын сүрөтүн жарыялап, аны өчүрүп салуу үчүн чоң суммада акча талап кылат. Мындан сырткары көпчүлүк кыздар жарым жылаңач сүрөтүн жарыялап, көрсөтө турган кызматтарын ачык эле сунуштайт.

Интернетте сойкулуктун жаңы түрү кенен жайылган. Бирок муну сойкулук деп атоого болбойт. Анткени Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде денесин көрсөтүп акча тапкандарга каршы мыйзам жок. Мындан сырткары кыргызстанда сойкулук кызматы сайттар аркылуу көрсөтүлүүдө. Кыздар сүрөтү жана телефон номери менен четтен тизилип, баасы да коюлган.