Жаңылыктар
Күндүн темасы: С.Исаков бир катар мекеме жетекчилерине сөгүш жарыялады
Саясат
Күндүн темасы: С.Исаков бир катар мекеме жетекчилерине сөгүш жарыялады

Сиздерге маалым болгондой жуманын башталышы менен кыргыз өкмөтүндө бир катар мекеме жетекчилери тартип жазаларын алышты. Айрымдары иштен алынды. Бардыгында тең иштеги олуттуу кемчиликтери себеп болгон. Бизге келген маалымат боюнча анда айрымдары коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча  сапатсыз иштеринин айынан ошондой эле мамлекеттик инвестициялар программасын жетиштүү аткара албагандар илинди. 

Башы эскертүү аягы катуу сөгүш менен аяктаганына күбө болдук. Айтор акыркы убакта көп сандагы аткаруу өкүлдөрүнө дисциплинардык  жаза берилип жатат. Бул көрүнүш коомчулуктун талкуусуну жаратып жатат. Айрым эксперттер муну кадрдык кризис катары карашууда.  Биз бүгүн ушул багытта сөзүбүздү улайбыз. 

Уктурууга  профессор Арзыматова Айнура Атыгаевна, жаш ишкерлер бирикмесинин төрагасы Ажыкулов Темирбек Назарбекович, Мамлекеттик кадр кызматынын окутуу жана тышкы байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Алишеров катышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"