Жаңылыктар
Кылым карыткан кайратман энелер
Кыргызстан жаңылыктары
Кылым карыткан кайратман энелер

Сузак районундагы кылым карыткан бир тууган эже-сиңдилердин баскан турганы, киши менен маектешүүсү дале тың бойдон. Даткайым эне быйыл 101 жашка толуп отурат. Кылым карыткан эне дагы деле тың. Үйгө келген киши менен кадимкидей эле маектешип, ага насаатын айтып турат. Карыя 9 уул менен 5 кызды төрөп өстүргөн. 


Даткайым эне Улуу Ата Мекендик согуш жылдары орукта эмгектенген. Жолдошу да согушка кетип, ошол учурдагы болуп өткөн кыйынчылык алигиче көз алдымда дейт. 


Азыр чоң эне небересинин колунда турат. Балдары да бат-баттан келип кабар алып кетишет. Ал эми Даткайым эне узун өмүрдүн сырын туура тамактануу, шамдагай кыймыл аракеттен дейт.


Даткайым Калымбетованын 106га чыккан бир тууган эжеси да бар. 106 жашка келген Турдукан Калымбетова ушул эле Ак-Баш айылда жашайт. Аралыгы анча алыс эмес жашаган эже-сиңдилер мына минтип, бат-баттан бири-биринин ал-абал сурап турушат. 


106 жашка келген Турдукан эне деле сиңдисиндей тың. Үйгө келген кишини кадимкидей таанып билет. Турдукан карыя 20 баланы төрөп, тилекке каршы 15 баласы бул жашоодон эртелеп эле кете берген. Бирок турмуштун оор сыноосун көтөрүп билген эне 5 баласын чоңойтуп, үйлөндүргөн. Учурда 35 небере, 96 чөбөрө, 25 кыбыранын балпайган чоң энеси болуп отурат.