Жаңылыктар
КТРКнын бардык каналдары 24 саат бою иштеп баштайт
УТРК жаңылыктары
КТРКнын бардык каналдары 24 саат бою иштеп баштайт

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 60 жылдыгына жана Нооруз майрамына карата КТРКнын бардык каналдары 24 саат бою иштеп баштайт. 

Күнү-түнү токтоосуз көрсөтүүлөр 19-марттан тарта обого чыгат. Коомдук каналдын 6 теле каналы бар. Буга чейин алардын ичинде "Ала-Тоо 24", "Спорт" жана "Музыка" каналдары 24 саат бою иштеп, калгандары түнкү 12ге чейин иштеп келген. 

Эми КТРК негизги каналы, “Маданият. Тарых. Тил" каналы да сутка бою үзгүлтүксүз обого чыгуусун баштайт. Түнкү көрсөтүүлөрдө күндүз эфирге чыккан маанилүү программалар, жаңылыктар, аналитикалык көрсөтүүлөр, маданият, тарых, тилди өнүктүрүүгө багытталган программалар кайталанып берилет. 

Ал эми "Баластан" каналында кечки саат онгө чейин мурдагыдай эле балдар көрсөтүүлөрү, түрдүү мульфильмдер көрсөтүлүп, соңунда бешик ырлары, балдарды уйкуга умтултуучу көрсөтүүлөр коюлмакчы. 

Коомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбеков белгилегендей, КТРКнын бардык каналдарын 24 саат бою иштөөгө өткөрүү кыргыз телекөрсөтүүсүнүн обого чыгышынын 60 жылдыгына арналган иш пландардын башталышы.