Жаңылыктар
Коопсуздук кеңеши: коррупцияга каршы күрөштүн ишке ашыруунун биринчи бөлүгү соңуна чыкты
Саясат
Коопсуздук кеңеши: коррупцияга каршы күрөштүн ишке ашыруунун биринчи бөлүгү соңуна чыкты

Коопсуздук кеңешинин чечиминде камтылган коррупцияга каршы күрөш чараларын ишке ашыруунун биринчи бөлүгү соңуна чыкты.

Бир айлык мөөнөттүн ичинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы акыркы 2 жылда токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштеринин санын тактап, башкы прокуратурага өткөрүп берди.

Эми аларды кайрадан иликтөө жана юридикалык баа берүү боюнча алдыда көлөмдүү жумуш күтүп турат.

Коррупцияга каршы күрөштүн алкагында өлкө башчысы жарандардан түшүп жаткан билдирүүлөр жана арыздарга өзгөчө көңүл буруп, аларга өз учурунда жооп кылуу тапшырмасын берген. Канча бир мөөнөттөн кийин элдин арыз-даттанууларынын санына жараша да жемкорлукка каршы күрөштүн жыйынтыгын бааласа болот.