Жаңылыктар
Ирригация маселесине мамлекеттик деңгээлде олуттуу көңүл бурулууда
Айыл чарба
Ирригация маселесине мамлекеттик деңгээлде олуттуу көңүл бурулууда

Түшүмдү мол алууда жер семирткичтен тышкары, сугат суусу дагы маанилүү ролду ойнойт. Азыр дыйкандар сугат маалына камынууда. Облустарда каналдарды тазалоо, кеңейтүү жумуштары жигердүү колго алынды.

Соңку жылдары ирригация маселесине мамлекеттик деңгээлде олуттуу көңүл бурулууда. 2026-жылга чейин ирригацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа кабыл алынган. Ага камтылган ири долбоорду ишке ашырууга бюджеттик каражатка оорчулук келтирбегидей кылып инвестициялар тартылат жана 3 баскычта ишке ашыруу каралууда.
2026-жылга чейин 58,8 миллиард сомго 45 ирригациялык объектинин ишке киргизилери каралган. Ошондо 65 миң гектардан ашык жаңы сугат жери өздөштүрүлөт. 51 миң гектардан ашык сугат жерде сугат суу муктаждыгы чечилет жана насостук станция менен сугарылган 10 миң гектарга чукул жер өз нугу менен сугарууга өткөрүлөт. Ошону менен бирге 50 миң гектар сугат жердин мелиоративдик абалы жакшырат.