Жаңылыктар
КСДП партиясынын съезди март айынын аягына белгиленди
Саясат
КСДП партиясынын съезди март айынын аягына белгиленди

Кыргызстан социал-демократтар  партиясынын партиясынын съезди март айынын аягына белгиленди. Жыйындын күн тартибине  бир гана Алмазбек Атамбаевди кайра төрагалыкка шайлоо киргизилет.  Бул маселе ушул аптада өтө турган саясий кеңештин жыйынында бекитилери  белгиленди.  

Коомчулукта айтыла жүргөн социал-демократтардын ичинде пикир келишестиктер бар деген жоромолдорду саясий партиянын мүчөлөрү ырастабайт.  Эксперттик  коомчулук  болсо саясий партиянын салмагы чоң экендигин белгилеп, айдын аягында өтө турган жыйын  партиянын  ичиндеги чыныгы ахыбалды көрсөтөрүн айтууда. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Гүлбүбү Үсөнова, "Биринчи радио"