Жаңылыктар
КТРК АФКнын футбол беттештери аркылуу 37000 доллар иштеп табат
УТРК жаңылыктары
КТРК АФКнын футбол беттештери аркылуу 37000 доллар иштеп табат

КТРКнын көчмө телестанциясы аркылуу Ош Шаарында болуп аткан АФКнын футбол беттештерин тартуу боюнча Сингапурдун Lagardere Sports Asia pte.LTD компаниясы менен келишимге кол коюлду. Бул тууралуу КТРКнын башчысы Илим  Карыпбеков өздүк фейсбук баракчасына жазды. Анын жазганына караганда, келишимдин баасы 37000 долларды чапчыды. Илим Карыпбековдун жазганын өзгөртүүсүз беребиз:

“Бизде дагы бир кичинекей  жакшылык. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өткөн жылдын аягында биз 1,5 миллион  АКШ долларына жаңы, заманбап, жогорку сапаттагы Көчмө ТВ Студиясын (КТС) сатып  алдык эле. Ошондо бул КТСтин тартуу мүмкүнчүлүктөрүн элге билдирип, ошондой эле  ижарага келечекте берип, акча табуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин дагы айттык эле.

Өткөн жумада биздин КТСти  ижарага берүү боюнча биринчи келишимге коюлду. Сингапурдун Lagardere Sports  Asia pte.LTD компаниясы менен Ош Шаарында болуп аткан АФКнын футбол беттештерин  тартуу боюнча келишимге кол коюлду. Келишимдин баасы 37 000 доллар. Бул биздин  КТСтин КТРК бюджетине биринчи каражат алып келиши. Келишим боюнча биз  Кыргызстан-Түркмөнстан, Кыргызстан-Тажикстан жана  Кыргызстан-Түркмөнстан үч футболдук беттешүүнү тартабыз.

Буга чейин биздин аймакта АФК  футбол мелдештерин тартууга чет өлкөлүк компаниялар тажик жана казак  туугандардын HD КТСин ижара алып келишкен. Каражат башка өлкөгө кетип турчу  эле, эми андай кажет жок. Кыргызстандагы бардык маанилүү окуяларды өзүбүз  жогорку сапатта тарта алабыз! Буйруса бул КТС КТРКга, кыргыз  элине көп жакшылыктарды алып келет”.