Жаңылыктар
Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнүн толук планы иштелип чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнүн толук планы иштелип чыкты

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнүн толук планы иштелип чыкты жана ал апрель айынын биринчи жарымында коомдук талкууга коюлат. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаттары жана документти даярдоого катышкан архитекторлор маалымат жыйында билдиришти.

План боюнча түндүк жагы Жибек-Жолу проспектисинен башталып, чыгышы Курманжан Датка жана Шабдан баатыр көчөлөрү менен чектешет, түштүгү Ахунбаев көчөсүнө чейин, ал эми батыш тарабы Фучик жана Садырбаев көчөлөрү менен байланышмакчы. Ага кирген аймактын жалпы аянты 3 миң 540 гектарды түзөт жана ал Бишкек шаарынын бештен бир бөлүгү болуп эсептелет. Адистердин айтымында, эми шаар куруу долбоорлору иштелип чыгышы керек, ал курулуштардын техникалык регламентин аныктайт.