Жаңылыктар
С.Жээнбеков Меркелди Германиянын Федералдык канцлеринин кызматына шайланышы менен куттуктады
Саясат
С.Жээнбеков Меркелди Германиянын Федералдык канцлеринин кызматына шайланышы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Ангела Меркелди Германиянын Федералдык канцлеринин кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. 

«Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун салттуу мамилелери мындан ары да эки элибиздин кызыкчылыгы үчүн өнүгө берет деп ишенем. 

Сизге мамлекеттик ишмердигиңизде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Германия Федеративдүү Республикасынын элине тынчтык жана бакубатчылык каалайм», - деп белгиленет мамлекет башчынын куттуктоо телеграммасында.