Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кайрагач айылында бир үй-бүлө көмүрдүн исине ууланып, анын кесепетинен эки адам каза болду.
Дагы экөө ооруканага оор абалда жеткирилди.
Белгилүү болгондой, каза болгондор ата-бала болуп чыкты.
Ал эми катуу жабыркаган эне-балага тиешелүү жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө.