Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков саммиттин алкагында Нурсултан Назарбаев менен жолугушту
Саясат
Сооронбай Жээнбеков саммиттин алкагында  Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Астанада өтүп жаткан Борбор Азия Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында Казакстанстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. 

Назарбаев Сооронбай Жээнбековду жылуу тосуп алып, Кыргызстандын Президенти менен акыркы жолугушуудан кийин эки тараптуу бардык маселелер чечилгендигин, Жол картасы иштеп жаткандыгын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна чакыргандыгы жана жылуу кабыл алгандыгы, меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ошондой эле эки өлкөнүн алдында турган жалпы маселелер азыркы глобалдуу коркунучтарга жана аймактагы чакырыктарга каршы турууда күч аракетти бириктирүүгө, ошондой эле жарандардын, капиталдын, инвестициянын жана эмгек ресурстарынын эркин жылып жүрүшүнө ыңгайлуу шарт түзүү зарылчылыгын талап кылып жаткандыгын кошумчалады. 

“Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын Астанадагы бүгүнкү жолугушуусу чындыгында эле тарыхый окуя, бул жолугушуу аймактагы өлкөлөр ортосунда өз ара мамилелерди бекемдөөдө олуттуу милдет өтөп, жакынкы аралыкка кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт деп терең ишенем, -деди.