Жаңылыктар
Кескин өзгөргөн аба ырайына байланыштуу, көчкү түшүү коркунучу сакталууда
Өзгөчө кырдаал
Кескин өзгөргөн аба ырайына байланыштуу, көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Аба ырайынын кескин өзгөршүнө байланыштуу бийик тоолуу жолдордо көчкү артынан көчкү түшүүдө. Гидромед кызматынын маалыматына ылайык, абанын температурасы 17-марттан кийин көтөрүлөт. Бирок андан кийин дагы жаан-чачындын жаашы күтүлүүдө. Мындан улам, көчкү түшүү коркунучу жогорулап, жагдайга жараша тиешелүү тармактар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү. 

Кризистик кырдаалды башкаруу борборунда кызматкерлер күн-түн дебей өлкөдөгү абалга талдоо жүргүзөт. Кайсы тилкеде кандай көлөмдө кар түштү, кесепетин жоюу жумуштары тууралуу маалыматтын баары ушул жерде.

13-мартта Бишкек - Ош жолуна түшкөн бийиктиги 4 кабаттуу үйгө жеткен, көлөмү 2 жарым миллион куб метр кар көчкү тазаланып бүтө элек. 14дө жолду дагы 11 миң куб метрге жакын эки көчкү басып, тазалоо иштерине жалпы 11 техника тартылган. Өлкөнүн эки тарабын байланыштырган жол убактылуу жабылган.

Ал эми куткаруучулар жаралган кырдаалга байланыштуу кооптуу делген тилкелерде карды атайылап түшүрүү иштерин баштады. Замбирек менен аткылоо 22-мартка чейин созулат
.