Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаал учурунда авиакаттамдардын баалары кандай сатылууда?
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөчө кырдаал учурунда  авиакаттамдардын баалары кандай сатылууда?

Бишкек - Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкүгө байланыштуу кырдаалдан улам авиакомпаниялар Бишкек - Ош жана Ош - Бишкек каттамдары боюнча билеттин баасын 3000 сомдон ашырышкан жок. Билеттер мындай баада 14-марттан 17-мартка чейин сатылат. 

Январь айында кыргыз өкмөтү учак компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүп, аба ырайы кескин өзгөрүп же табигый кырсыктар катталган убактарда Бишкек - Ош жана Ош - Бишкек каттамына билеттин акысын арзандатууну макулдашкан. Учурда ички каттам акысы канча сомдон сатылууда? 

Бишкек - Ош жана Ош - Бишкек аба каттамы боюнча билет сатылган касса. Мында эң жакынкы рейстердин акысы учурда 2200-2300 сомдун айланасында гана сатылууда.

Кыргызстанда 22 авиакомпания каттоого алынган. Анын үчөө жумасына 50гө жакын ички каттамдарды аткарат. Кар көчкүгө байланыштуу Бишкек - Ош унаа жолунун жабылышы менен аба каттамдын баалары көзөмөлгө алынды.

Мындай баада билеттер 14-марттан 17-мартка чейин сатылат. Ал эми бул күндөрдөгү каттамдарга мурда сатылып алынган билеттердин баасы арзандатылбайт. Январь айында кыргыз өкмөтү учак компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүп, аба ырайы кескин өзгөрүп же табигый кырсыктар катталган убактарда Бишкек - Ош жана Ош - Бишкек каттамына билеттин акысын арзандатууну макулдашкан.