Жаңылыктар
"Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыра турган инвесторлордон өкмөт баш тартты
Кыргызстан жаңылыктары
"Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыра турган инвесторлордон өкмөт баш тартты

Өкмөт "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырууну өнөктөштөр жана бизнестин колдоосунда өз күчү менен ишке ашырууну чечти. Эгер каражат табылса жергиликтүү айти компаниялар да колдоо көрсөтүүгө даяр жана аны ийгиликтүү жүзөгө ашырууга алардын толук мүмкүнчүлүгү жетет. "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыра тургандар келишимдеги шарттарды толук аткарбай жана документтерди маалында бербегендиктен кыргыз өкмөтү инвесторлор менен иш алып баруудан баш тартты. 

“Акылдуу шаар” боюнча инвестициялык долбоордо көрсөтүлгөн шарттарды аткарбагандыктан өкмөт келишимден бир тараптуу чыгуу чечимине келди. Тагыраагы “Хуавэй” компаниясы жана инвесторлор 60 күндө техникалык экономикалык негиздемени жана талап кылынган документтерди даярдап берген эмес. Ошондуктан өкмөттүн мындай кадамга барышынын үч себеби бар.

Буга байланыштуу эми өкмөт “Акылдуу шаар” долбоорун өз күчү менен жүзөгө ашыруу жагын караштырат. Албетте өнөктөштөр жана бизнестин колдоосунда. Ал эми жергиликтүү маалыматтык технология же айти компаниялар эгер өкмөт кайрылса долбоорду ишке ашырууга даяр. Программалык камсыздоону иштеп чыгуу компаниялар бирлигинин жетекчиси Азиз Абакировдун айтымында болгону каражат табылса “Акылдуу шаарды” жүзөгө ашырууга айти адистер, мүмкүнчүлүк толук жетиштүү.