Жаңылыктар
Нооруз-2018: Оюндар Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында өтөт
Спорт
Нооруз-2018: Оюндар Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында өтөт

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын 2018-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык 15-марттан 21-мартка чейин көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш жана салбуурун боюнча мелдештер өтөт.

Аталган оюндар Нооруз майрамына арналган жана III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп жатат. Мелдештер Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында өтмөкчү.

Бишкек шаарында көк бөрү, ат чабыш жана эр эңиш боюнча республикалык мелдеш өтөт. Ага 7 облустан жана Ош, Бишкек шаарларынын командалары катышат.

Жалал-Абад шаарында көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш жана салбуурун боюнча мелдештер жүрөт. Жала-Абаддагы мелдештер регионалдык деңгээлде өтүп ага Жала-Абад, Ош жана Баткен облустарынын командалары катышат.

Нооруз майрамына арналган улуттук оюндар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланат. Дирекциянын бюджетинен 2 миллион 890 мин сом каралган, анын ичинен 1 миллион 250 миң сом байге фонду.