Жаңылыктар
Бишкек - Ош жолу убактылуу жабык
Өзгөчө кырдаал
Бишкек - Ош жолу убактылуу жабык

Азыркы тапта Бишкек - Ош жолу жабык. Бул кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Учурда жол тазалоо иштери уланып жатат. "Сосновка" постунда 140 оор жүк ташуучу, алты жеңил машине, "Арал" постунда 24 оор жүк ташуучу, 59 жеңил унаа топтолгон. 

Мындан тышкары, Талас районунун Талды-Булак айылында 9 оор жүк ташуучу, 15 жеңил, Бишкек - Ош жолунун 198-чакырымындагы Өтмөк ашуусуна бурулган жерде 110 оор жүк ташуучу унаа турганы кабарланган. 

Жол бүгүн кечке чейин ачылышы мүмкүн. Бул боюнча министрлик тазалоо иштери аяктаганда маалымат берилерин билдирди.