Жаңылыктар
Жалал-Абаддын айрым райондорунда жер көчкү коркунучу күч ала баштады
Өзгөчө кырдаал
Жалал-Абаддын айрым райондорунда жер көчкү коркунучу күч ала баштады

Жарандык коргонуу кызматы жер көчкү коркунучу бар аймактагы жашоочуларга түшүндүрүү иштерин күчөттү. Буга себеп - жаан-чачындын көп жаашы менен жер көчкүлөр да жанданып баштаган. Базар-Коргон районунун жер көчкү коркунучу бар аймакта жашап жаткан Коргон-Жар участкасынын жашоочуларына да адистер түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


Жер көчкү жүрүп кетүү коркунучу бул аймакта жыл сайын күч алууда. Кооптуу конуштун жашоочуларын тиешелүү кызматтар коопсуз жакка көчкүлө деген эскертүүсүн тынбай айтып келет. Өткөн жылы 51 үй-бүлө өтө коопту жайда деп аныкталып, көчүрүү аракети башталган. Бирок бүгүнкү күндө 30 үй-бүлө дагы деле ошол жерде жашап жатат.



Өзүнүн үй-бүлөсүнүн өмүрүн тобокелге салып жашап жаткандардын бири Жолдубай Каныбек уулу. Өткөн жылы мамлекет тарабынан жер тилке алып, ал жакка үй да тургузган. Бирок бул жактан көчүп кеткиси жок.

Ал эми адистердин айтымында, жер көчкү коркунучу күч алып баштады. Себеби, жаан-чачын көп болуп, жерге суу сиңип, көчкү жанданууда. Райондук жарандык коргонуу кызматы бул аймактын жашоочулары менен жолугуп, тезинен коопсуз жакка убактылуу болсо да көчүп чыгуусун эскертишти.