Жаңылыктар
Заманбап драмалык чыгармаларга сынак жарыяланды
Маданият
Заманбап драмалык чыгармаларга сынак жарыяланды

Заманбап драмалык чыгармаларга сынак жарыяланды. Аны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет. 

Сынактын максаты - улуттук драматургиянын өнүгүүсүнө шарт түзүү, театрлардын репертуарын байытууга көмөктөшүү жана азыркы замандын курч көйгөйлөрүн, каармандарын, жаңы образдарын жаратуу. 

Сынакка катыша турган драматургдардан кыргыз турмушундагы миграция, ишкердик, эски менен жаңынын кагылышы, ата-бала, үй-бүлө мамилелери сыяктуу жаңы кубулуштарды ар тараптан ачып көрсөтүү талап кылынат. 

Бул эрежелер конкурстун жол-жобосунда белгиленген. Чыгармалар 10-марттан 30-октябрга чейин кабыл алынат. Байге фонду 1 миллион сом.