Жаңылыктар
Ош шаарында 17-марттан тарта жылуулук берүү токтотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында 17-марттан тарта жылуулук берүү токтотулат

Ош шаарында 17-марттан тарта турак үйлөргө жана мекемелерге жылуулук берүү токтотулат. 

Ош мэриясынан кабарлашкандай, калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев муну ырастаган буйрукка кол койду. 

Жылуулук берүү мезгили 15-мартта аяктагандыгы жазылган. 

Ал эми 17-марттан баштап шаарга жылуулук берүү токтотулуп, жылуулук менен камсыздоочу объектилерин 2018-2019-жылдын жылытуу мезгилине даярдоо иштерин баштоо жагы тиешелүү мекемелерге милдеттендирилди.