Жаңылыктар
Ноорузду утурлай коңшу мамлекеттерден куттуктоолор келди
Кыргызстан жаңылыктары
Ноорузду утурлай коңшу мамлекеттерден куттуктоолор келди

Нооруз майрамы менен президентти коңшу мамлекеттердеги кесиптештери куттукташты. Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпин өз куттуктоосунда: "Өткөн жылы эки өлкө ортосундагы кызматташуу жемиштүү болгондугун жана 2016-жылы да өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу даяр экендигин билдирип" Алмазбек Атамбевге чың ден соолук жана ийгилктери, кыргыз калкына бакубатчылык каалайт. 

Ал эми Тажикстан президентинин куттуктоосунда “Бул майрамдын гуманисттик идеалдары мындан ары да биздин өлкөлөрүбүз менен элдерибиздин ортосундагы достук жана көп кырдуу кызматташтыктын тереңдешине өбөлгө болоруна ишенем”, - деп айтылат. 

Ошондой эле өлкө башчысын Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиев жана Ооганстан президенти Мохаммад Ашраф Гани, өзбекстан президенти Ислам Каримов да куттуктап, кыргыз элине гүлдөп өнүгүүнү каалашты.